Пример HTML-страницы

Президент Лейлек районуна жаңы аким дайындады

Акыркы жанылыктар

TurmushОсмонбеков Канимет Бийзакович Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды.

Turmush басылмасына маалым болгондой, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жаңы акимди райондук администрациясынын аппаратына тааныштыруу эртең, 14-августка пландалган.

Ал бул кызматка Алмазбек Рахманкуловдун ордуна дайындалды.

Канимет Осмонбеков 2018-жылдын февраль айынан 2023-жылдын август айынын башына чейин президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеген. Ал кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазганы маалым болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE