Пример HTML-страницы

Панфиловдо былтыр 1,3 млн сомго коюлган сугат лотоктор текшерилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районуна караштуу Орто айыл аймагынын Букара айылындагы 250 метр жерге коюлган суу жүргүзүлүүчү лотоктор көзөмөлдөндү. Булар аркылуу тоо этегиндеги 2 айылдын 200 гектар аянтын сугат суу менен камсыздалат. Бул тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Ринат Момуналиев билдирди.

Калкы 5445 болгон Орто айыл аймагында Кум-Арык, Тельман жана Букара айылдары жайгашкан.

«Тоо этегиндеги айыл аймактарында жашоочулардын басымдуу бөлүгү мал жана айыл чарбасы менен алектенет. Аларды таза жана сугат суу менен камсыздоодо аракеттер жүргүзүлүүдө. Өткөн 2023-жылдын декабрь айында Букара айылында 200 метр жерге сугат суу жүргүзүлүүчү лотоктор коюлган. Ага 1 млн 365 миң сом каржыланган. Жазга карата даярдыктардын жүрүшүнүн алкагында лотоктордун абалы менен райондун акими Бекмаат Масаидов таанышты. Бул лотокторго Чоң- Кайыңдыдан суу агып келип, Букара жана Тельман айылдарынын 200 гектар айдоо аянтын сугат суу менен камсыздайт», — деди айыл өкмөт башчы.

Букара айылында 1400 жана Тельман айылында 1900 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE