Пример HTML-страницы

ОшТУда тоолуу региондордун калкынын жашоо шартын жакшыртуу боюнча конок лекция уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushПрезидент Садыр Жапаровдун «2023-2027-жылдар мезгилин тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгына ылайык Билим берүү жана илим министрлигинин «Табиятты сактайлы» иш-чарасынын негизинде Ош технологиялык университетинде конок лекция өткөрүлдү.

Лекцияны Эл аралык тоо институтунун адиси Уран Ахметов жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, биология илимдеринин доктору, профессор Б.А.Токторалиев өттү. Мында тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча жол картанын долбоору, ресурстарды мобилизациялоо, айлана-чөйрөнү коргоо иш-чараларын ишке ашыруу жана коюлган максаттарга жетүү, алынган натыйжалардын негизинде өнүгүү стратегиясын туура баалоо боюнча маалыматтар берилди.

Иш-чара технология жана жаратылышты пайдалануу факультети тарабынан тоолуу региондордун калкынын жашоо шартын жакшыртуу жана айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылышты сактоо максатында уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE