Пример HTML-страницы

ОшТУда кичи футбол боюнча мелдеш өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинде гуманитардык-технологиялык колледжинин жаштар комитети тарабынан кичи футбол оюну өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, спорттук мелдешти өткөрүүнүн негизги максаты жаштар аралык ынтымакты, достукту бекемдөө, студенттердин маданий эс алуусун уюштуруу, дени сак жашоого үндөө болуп саналат.

Мелдешке жалпы 16 команда катышып, университеттин дене тарбия кафедрасынын окутуучулары калыстык кылышты.

— 1-орун — «Статистика» командасы;

— 2-орун — студенттер үйүнүн командасы;

— 3-орун — ПКС-1-21(9) тайпасы.

Байгелүү орундарды камсыз кылган командаларга жана мыкты оюн көрсөткөн оюнчуларга дипломдор, грамоталар, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE