Пример HTML-страницы

Оштогу дүкөндөн ноутбуктар уурдалган. Үч жаш жигит кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында уурулукка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын А.Навои көчөсүндө жайгашкан электрондук буюмдарды сатуучу дүкөнгө жасалган уурулуктун бети ачылды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына аталган дүкөндүн ээси арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 9-январда түндө белгисиз адамдар дүкөндүн эшигин бузуу жолу менен уурулукка кирип, беш даана ноутбук, алардын аксессуарларын уурдап кеткен.

Жабырлануучуга келтирилген чыгым 200 миң сомдун айланасында болгон. Шектүүлөр уурдаган ноутбуктардын экөөнү сатып үлгүрбөй калышкан. Калган 3 ноутбукту күрөөканаларга коюп (13000, 8000, 13000 сомго), акча алышкандыгы маалым болду.

Бул кылмышка шектүү катары 3 жаш жигиттен турган топ кармалды. Алар: Ош шаарынын 2006-жылы туулган тургуну К.С., Өзгөн шаарынын 2003-жылы туулган тургуну А.Р., Ош шаарынын 2004-жылы туулган тургуну К. уулу Б. Үчөө тең Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө кызматы тарабынан аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголду.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмыштуу топтун ушул сыяктуу бир нече кылмыштарга катыштыгы бар экендиги, башка бир нече дүкөндөргө дагы уурулукка киргендиги маалым болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE