Пример HTML-страницы

Ошто айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган 6 адам 90 000 сом айыпка жыгылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында бир жуманын ичинде 1 миң 834 айдоочу жол кыймылынын эрежелерин бузганы аныкталды. Бул тууралуу Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-майдан 18-майга чейин рейд жүрдү.

Эрже бузгандар:

— мас абалда унаа башкарган 7 айдоочу;

— айдоочулук күбөлүгү жок 28 айдоочу, анын ичинен такыр айдоочулук күбөлүгү жок 6 учур (6 учур боюнча ар бир айдоочуга 15 миң сомдон айып пул салынды);

— унаасынын терезесин караңгылатып алган 9 учур;

— туура эмес жерден өткөн 42 жөө жүргүнчү;

— жол кырсыгын жасап, айдоочу качып кеткен 1 учур;

— кошумча жабдыктар боюнча 1 учур;

— коопсуздук курун тагынбаган 787 айдоочу;

— телефон менен сүйлөшүп бара жаткан 11 айдоочу;

— 79 унаа айып короого токтотулду.

«Коопсуздук курун тагынбагандарга жакынкы күндөрдө рейддер уюштурулат. Мындан сырткары унаа башкарып бара жатып телефонго алаксып, сүйлөшүп, жол кырсыгына кабылган учурлар көп болуп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE