Пример HTML-страницы

Ош шаарындагы эки тургун баңгизат сатуучулардын дареги жазылган визиткаларды таратып жүргөндө кармалышты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын эки тургуну баңгизаттарды таратуучу кылмыштуу топтун визиттик карталарын таркатып жүргөндө кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Ош шаарынын аймагында баңгизаттарды заттарды сатуу, курьердик кызматтар жана наркотикалык синтетикалык заттарды белгиленген жайга коюуну ишке ашыра турган жумуштарды сунуш кылган визиткалар таратылып, дубалдарга, жарнак илүүчү жайларга жабыштырыла баштаганы боюнча маалымат келип түшкөн.

11-октябрь күнү бул визиткаларды жасатып жана жабыштырып жүргөн Ош шаарынын тургундары — 1991-жылы туулган А.А. жана И.К. кармалышкан.

Алар өз көрсөтмөлөрүндө иш издеп жүрүп, интернет аркылуу жумуш сунуштаган адам менен таанышып, андан визитканын долбоорун алып, аларды чыгарып таратууга аракет кыла баштаганын билдиришкен. Жумуш берүүчү алар менен интернет аркылуу гана байланышып, акча убада кылган.

Натыйжада аталган эки жаран Ош шаарындагы басмаканалардын биринен «Сиздин карызыңызды жабабыз!» деген аталыштагы визиткаларды (эки тарабынан чаптала турган) чыгарып, таратууга аракет жасап жатышкан учурда кармалышкан.

Визиткаларда шектүү электрондук даректер болгон. Учурда кармалган эки тургундун ишине юридикалык баа берүү каралууда.

«Алар таратууга аракет кылган визиткаларга баңгизаттарды таратуучу кылмыштуу топтун электрондук дареги бар экендигин билишпегендигин, ошондуктан мыйзамдуу жумуш катары кабыл алышкандыгын билдиришкен. Учурда бул жарандардын көрсөтмөлөрү текшерилип жатат.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы оӊой жумуш сунуш кылып, эмгек акысын көп убадалаган учурда айрым көӊүл буруучу кооптуу жагдайлардан сак болууну эскертет. Ошондой эле, басмаканалар дагы ушул сыяктуу кылмыштуу топтордун кызыкчылыгы үчүн жасала турган буюртмаларды жасоодо анын текстине, электрондук даректерине көңүл буруп коюу зарыл экендигин белгилейт», — деп айтылат маалыматта.

Сүрөттө кармалган жарандар жана алар таратууга аракет кылган визиттик карталар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE