Пример HTML-страницы

Ош шаарында таза суу көйгөйүн кантип чечишти?

Акыркы жанылыктар

Turmush2023-жылдын 31-августунда Ош шаарында жаңы суу топтоочу жай (водозабор) ишке киргизилген. Иш-чарага президент Садыр Жапаров да катышкан.

Ош шаарындагы таза суу маселесин чечүү үчүн 4 жаңы резервуар курулган, ар биринин көлөмү 6 миң куб метрди түзөт. Аларда таза суу топтолот.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, суу топтоочу жайды расмий түрдө ишке киргизүүнүн алдында жабдуулар сыноодон өткөрүлүп, резервуарлар дезинфекцияланды. Азыркы учурда Ош шаарында ичүүчү суу маселеси чечилди. Долбоордун баасы 194 млн сомду түзөт.

Ош шаарында жаан-чачын убагында тургундар бир нече күн таза суу колдоно албай келген. Анткени шаар калкынын 80%ы Ак-Буура дарыясынан агып келген сууну пайдаланчу. Жамгыр, кар жааган убакта Озгур суу тазалоочу станциясына агып кирген суу ылайланып, сууну тундуруп, тазалап, жашоочуларга берүү үчүн бир нече күн убакыт кетчү.

Turmush басылмасынын кабарчысы объектиге барып, таза суу маселеси кантип чечилгенин жеринен көрүп келди.

«Ош шаар суу канал» муниципалдык мекемеси бир нече жыл бою суунун булганышын Озгур станциясынын үстүндөгү Кызыл-Кыштак жылгасындагы ылайланган суу менен байланыштырып келди. Жаан-чачын убагында аталган жылганын жогорку жагындагы шагыл жана топурак казган ишканалар топуракты жылганын ичиндеги сайдын жээгине төгүп, андан агып түшкөн суу аталган топуракка аралашып, ылай болуп калат.

Бул маселени чечүү үчүн бир канча долбоорлор түзүлүп, бирок түрдүү себептерден улам ишке ашпай келген. Аталган ишкананын башчысынын орун басары Талант Байкишиев таза сууну шаарга үзгүлтүксүз жеткирүү үчүн кандай иштер жасалганы боюнча кенен айтып берди.

Алар:

— бул маселени чечүү үчүн алгач Кызыл-Кыштак жылгасынан түшкөн селди убактылуу кармоочу тосмолор казылган;

— Ак-Буура дарыясынын сол жээгинде жайгашкан Төлөйкөн каналынан таза суу тартуу үчүн диаметри 1000 миллиметрди, узундугу 400 метрди түзгөн түтүк тартылып, шаарга берилүүчү суу тармагына кошулган;

— мурдатан иштебей турган 6 скважина оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү;

— жаңы 6 скважина казылып, таза суу системасына кошулду;

— жалпы көлөмү 24 миң метр куб болгон (6 миң метр кубдук көлөмдөгү 4 суу кампа) жаңы таза суу кампасы курулду. Шаарга таза суу берүү мүмкүнчүлүгү токтогон убакта аталган суу кампадан шаарга 24 саат бою суу берип турса болот. Бул суу кампалар скважиналар аркылуу үзгүлтүксүз толтурулуп турат.

«Быйылкы жылдын 2-январынан баштап таза суу маселесин чечүү боюнча алгылыктуу иштер аткарылды. Ири долбоор катары ар биринин көлөмү 6 миң метр кубду түзгөн 4 суу кампа курулду. Мунун жалпы көлөмү 24 миң метр кубду түзөт. Тактап айтканда, бул суу кампаларда 24 млн литр суу ар дайым сакталып турат. Бул суу кампалар таза суу системасына уланып, толук кандуу иштеп жатат. Жаан-чачын убагында Ак-Буура дарыясындагы суу булганып, таза суу берүү убактылуу токтотулуп келген болсо, жогорудагы иштердин натыйжасында таза сууну шаарга үзгүлтүкүсүз берүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Кененирээк түшүндүрүп бере турган болсом, Кызыл-Кыштак жылгасынан сел келип, суу булганган учурда Төлөйкөн каналынан жана 12 скважинадан суу алып турабыз. Ошондой эле жаңы курулган 4 суу кампадан да суу алууга болот», — деди Байкишиев.

24 миң метр куб суу кампасы куруу үчүн Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы тендер жарыялап, аны «Элхан Ош» ЖЧКсы утуп алган. Аталган башкармалыктан билдиришкендей, бул кампаларды куруу иштерине жалпы 213 млн сом жергиликтүү бюджеттен жумшалды.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Элхан Ош» жоопкерчилиги чектелген коомунун түзүүчүсү жана жетекчиси — Ысманов Мамашарип Жоробайович. Компания 2020-жылы 5-мартта кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.

Мурдагы 6 скважинанын оңдоп-түзөөгө, жаңы 6 скважина казууга, магистралдык түтүктөрдү, сууну залалсыздандыруучу аппараттар үчүн курулмага, сууну залалсыздандыруучу аппараттардын өзүнө, негизги магистралдык түтүктөрдү башкаруучу затворго, аларга электр энергия берген көмөкчү чордондорго, кароолкана, ажаткана, алардын айланасын тосууга жергиликтүү бюджеттен жалпы 75 млн сом сарпталды.

2014-жылдан бери жаңы курулган 4 суу кампасынан сырткары 2 суу кампасы курулган. 2016-жылы май айында Ош шаарынын Достук кичи районунда көлөмү 6 миң метр куб болгон суу кампасы курулган. Анын келишимдик баасы — 47 млн 948 миң 922 сом. Ушул эле кичи райондо келишимдик баасы 43 млн 715 миң 739 сом болгон 6 миң метр кубдук көлөмдөгү суу кампасы 2020-жылы курулуп бүткөн. Бул эки суу кампаны тең «Изоэл» ЖЧКсы курган.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Изоэл» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси жана түзүүчүсү — Акматалиев Мамытбек Абдракманович. Компания 2004-жылы 18-октябрда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: электромонтаждык иштер.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарында жаандан кийин таза суу берүү убактылуу токтотулганын жазып келген.

Жаандан кийин Ак-Буура суусу ылайланып, анын кесепетинен жашоочуларга таза суу берүү үзгүлтүккө учурап келген.

Сүрөт жана видео 2023-жылдын 17-февралында тартылган:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE