Пример HTML-страницы

Ош облусунда укук бузуулар боюнча окутуулар өткөрүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облустук ички иштер башкармалыгынын окутуу залында чоң масштабдагы семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул семинарга Ош шаардык жана район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин орун басарлары, ошондой эле облус аймагындагы коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү, аксакалдар соттору, аялдар кеңеши катышты. Аталган семинар ИИМдин жана «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фонду жана «Saferworld» уюму менен кызматташтыкта уюштурулуп, укук бузууларды алдын алуу боюнча маселелер каралды.

ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүмүнүн жетекчиси Таалай Алижанов жана башкы инспектору Мурадыл Чымырбаев «Укук бузуулар жөнүндө», «Укук бузуулардын алдын алуу негиздери жөнүндө», өлкө башчысы Садыр Жапаровдун «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» жарлыгын окутуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жыйында маселелер кызуу талкууланып, суроо-жооптор менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE