Пример HTML-страницы

Ош облустук көк бөрү федерациясына жаңы жетекчи келди. Ал тууралуу эмне белгилүү?

Акыркы жанылыктар

TurmushШумкарбек Пазылов Ош облустук көк бөрү федерациясынын президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу федерациянын мурдагы президенти Шакатбек Жунусов билдирди.

Анын айтымында, көк бөрү боюча райондор аралык мелдешке Кыргызстандын көк бөрү федереациясынын президенти Рамис Жунусалиев келип, Ош облустук федерациянын жаңы президентин тааныштырып кетти.

«Рамис Жунусалиев кечээ, 1-февралдагы оюндарга келип, Ош облустук көк бөрү федерациясына көк бөрүнү аймактарда өнүктүрүү үчүн 1 млн сомдук сертификат тапшырды. Мага аргымак мингизип, менин ордума Шумкарбек Пазыловду президент кылып дайындады», — деди Жунусов.

Ал Шумкарбек Пазылов буга чейин жеке ишкерлик менен алектенгенин кошумчалады.

Шумкарбек Пазылов 1985-жылы 10-октябрда туулган.

Эмгек жолу:

— 2007-2010-жылдары — «Сертификат плюс» ЖЧКда сертификация боюнча инспектор;

— 2010-2013-жылдары — Баткен бажысындагы «Кулунду» өткөрмө пуктунда инспектор;

— 2013-2014-жылдары — Түштүк-Батыш бажысында нөөмөт кызматында инспектор;

— 2014-2015-жылдары — Борбордук бажыда ыкчам нөөмөт бөлүмүндө инспектор;

— 2015-2017-жылдары — Токмок борбордук бажы борборунда инспектор;

— 2015-2017-жылдары — Ош бажысынын борбордук бажысында ага инспектор;

— 2017-2018-жылдары — Ош бажысында ыкчам нөөмөт бөлүмүндө иснпектор;

— 2018-2019-жылдары — Түштүк-Батыш бажысында ага инспектор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE