Пример HTML-страницы

«Ош» аэропортунда учууга камынып жаткан аял көз жумду

Акыркы жанылыктар

Turmush«Ош» эл аралык аэропортунда жүргүнчү аял каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, окуя эки күн мурун аэропорттун стерилдик зонасында болгон. Жүргүнчү Бишкек—Ош каттамындагы учак менен учууга камданып жаткан. Анын жүрөгү токтоп көз жумган.

Аэропорттун басма сөз кызматы жүргүнчү аял каза болгонун тастыктады.

Азырынча окуянын башка жагдайлары белгисиз.

  • Стерилдик зона — учуу алдында жүргүнчүнү кароо пункту менен учактын ортосундагы аймак.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE