Пример HTML-страницы

Ноокен жана Аксы милициясы өспүрүмдөр арасында спорттук мелдеш уюштурду

Акыркы жанылыктар

TurmushНоокен РИИБдин балдар иштери боюнча инспекциясы тарабынан «Милиция кызматкери — менин досум, коргоочум. Спорт менен дени сак да болосуң» аталышындагы мелдеш уюштурулду. Ага Ноокен жана Сакалды айыл аймактарындагы 11 мектептин окуучулары катышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Өспүрүмдөр арасындагы мелдеш спорттун 5 түрүнөн өткөрүлдү: футбол, аркан тартыш, гиря көтөрүү, кыздар, балдар арасындагы кол күрөш жана аралыкка чуркоо.

Спорттук мелдештин жүрүшүндө Ноокен РИИБдин жетекчисинин орун басары Эдилбек Жаркынбаев сөз сүйлөп, иш-чара кылмыштуулуктун алдын алуу жана жаштарды биримдикке чакыруу максатында уюштурулгандыгын айтып өттү.

Оюндардын жалпы упайлык көрсөткүчүндө А.Тургунбаев атындагы №38 орто мектебинин курама командасы 1-орунду багындырып, кубокту жеңип алышты. 2-орунду Паяз атындагы №9 орто мектеби ээлесе, 3-орунду А.Төрөгелдиев атындагы №7орто мектебинин окуучулары камсыз кылышты.

Спорттук иш-чара Аксы РИИБдин кызматкерлери тарабынан дагы уюштурулуп, балдар жана кыздар арасында волейбол өткөрүлдү.

Жеңүүчүлөргө милиция тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE