Пример HTML-страницы

Ноокатта бир эле айыл өкмөттө тамеки өсүп, наркы көтөрүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат районунда быйыл тамекинин биринчи сорту 130 сомдон бааланууда.

Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Мухамедхалил Турдуевдин маалыматы боюнча, быйыл тамеки бир гана айыл өкмөттө өстүрүлдү.

«Быйыл былтыркыга караганда тамеки 50 гектарга аз эгилди. Буга чейин аз болсо да башка айыл өкмөттөрдө тамеки өстүрүлчү. Быйыл Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө гана эгилип, жалпы аянты 270 гектарды түздү. Себеби бул айыл өкмөттө тамекини сатып ала турган фирма бар. Убагында баасы төмөндөп, өтө аз жерге эгилип калган учурлар болгон. Ошондо бир гана фирма тамекини сактап калган. Көп компаниялар тамеки өстүрө берүү керектигин айтышат. Бирок жогорку баа бекитпей, дыйкандарды күмөндөнтүп коюшат. Мисалы, дыйкандар бир килограммын 3 долларга сатып алгыла деп жатышат. Бирок компаниялар экономикалык өсүүнү эске албай эле мурдагы эски баа менен баалашат. Дыйкандардын эмгеги баалардын өсүшү менен бааланыш керек.

Тамеки — кол күчүн, 18 этаптык жумушту (эгүү, чабуу, үзүү, тизүү, кургатуу ) талап кылган өсүмдүк. Бир да өсүмдүккө же эгинге мынчалык мээнет кетпейт. Быйыл эми дыйкандарга жакшы болуп, биринчи сорту 130 сом, экинчи сорту 125 сом, үчүнчү сорту 110 сомдон бааланууда», — деди М.Турдуев.

Turmush басылмасы 2021-жылы июль айында Ноокат районунда тамеки өстүрүү кайрадан колго алына баштаганын жазган.

Дыйкандардын айтымында, тамеки СССР учурунда Ноокаттын «сары алтыны» катары таанымал болгон. Андан кийин тамеки өсүмдүгүн кабыл алуучу фирмалардын жоктугунан көп аймактарда эгилбей калган. Акыркы 2 жылда агрардык өнүктүрүү башкармалыгы, Айыл чарба министрлигинин кайрылуулары менен Ноокатка 5 жеке фирма кабыл алууга келип, тамеки чарбачылыгы жандана баштаганын билдиришкен.

Былтыр райондун аймагында 250 гектар жерге тамеки өстүрүлгөн.

«Заман өнүгүп жатат, ишкерлерден түрдүү сунуштар келет. Былтыр Италиядан ишкерлер келип тамекини жашыл масса түрүндө алууну көздөп жатышканын айтышты. Тамекинин сортун, комбайндарын алып келели дешти. Кабыл алуучулар менен дыйкандар менен сүйлөшүү керек. Ошондой эле кызык сунуш айтышты. Кальян үчүн тамеки эгүүнү сунуш кылышты. Бирок Жаңы-Ноокаттын дыйкандары макул болбой коюшту.

Сауд Арабиядан да ишкерлер келип тамеки тайдын 1 килограммын 350 сомго кабыл алабыз дешкен. Бирок кандайдыр бир себептер менен келбей калышты», — деген Турдуев.

2021-жылы 1-сорт 100 сом, 2-сорт 95 сом, 3-сорт 80 сомдон бааланган.

https://www.youtube.com/watch?v=wP8BoJD6R4U

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE