Пример HTML-страницы

Нарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 17-июнда М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү белгиленди.

Салтанаттуу иш-чарага президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Жумабеков, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, шаардык кеңештин төрагасы Автандил Молдосалиев, бир катар облус аймагында эмгектенген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышты.

Иш-чарада майрам ээлерине куттуктоо сөздөрү айтылып, кызмат алдыңкыларына «Мамлекеттик кызматтын отличниги» төш белгиси, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин, ыйгарым укуктуу өкүлдүн, облустук ички иштер башкармалыгынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Нарын облусундагы башкармалыгынын ардак грамота, ыраазычылык каттары жана баалуу белектери тапшырылды.

Иш-чара маданият кызматкерлеринин чакан концерттик программасы менен коштолду.

Эске салсак, 23-июнь — мамлекеттик кызматкерлердин күнү катары белгиленип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE