Пример HTML-страницы

Мугалим К.Барпиева баласы алып берген малинаны өстүрүп, дыйканчылык кылып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Буура районунун Чоң-Кара-Буура айылынын 53 жаштагы тургуну Калича Барпиева 3 жылдан бери дыйканчылык менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча кыргыз тилчи мугалим.

«1986-жылдан бери кыргыз тили, кыргыз адабияты сабагынан билим бердим. «Эл агартуунун отличниги» наамына ээ болдум. Кара-Буура районуна 2 жолку чакырылыштын депутатымын. Жолдошум экөөбүз 5 баланын ата-энеси болдук.

Айыл жеринде жашагандан кийин сөзсүз дыйканчылык да кылыш керек болот. Мындан 3 жыл мурун Чүйдөн малинанын көчөтүн алып келип, күзүндө отургузганбыз. Кудайга шүгүр, 3 жылдан бери мөмөсүн берип жатат. Жаз айында дүң баа менен 150 сомдон өткөрүп жаттык. Малинабыз чарбактын 10 сотых аянтына отургузулган. Муну бир киши тынбай карап жүрүшү керек. Жумушу көп. Күзүндө баштарын кесип салабыз. Жайы менен бат-баттан сугарып, чөптөрүн отойбуз. Чөп жок болсо, кийин малина тергенге жакшы.

Жалпы 10 жөөк бар. Ошол 10 жөөктөн бир тергенде эле 50 кг жакын терип коёбуз. Быйыл түшүмү жакшы болду. Биринчи теримин жалаң алып-сатарларга өткөрдүк. Экинчи теримден баштап кыямга деп тердиртип кетишет. Биринчи терими бүткөндөн кийин 15 күнчө убакыт эс алып, андан кийин экинчи терими башталат. Малина суу ичип, анан күн ысык болсо эле быша берет экен. Күн ара теребиз. Эртең менен эрте туруп, үй-бүлөбүз менен жабыла күн өтө ысып кеткенче терип бүтүрө салабыз.

Чүйдүн малинасы аябай түшүмдүү жана ширелүү болот. Бизге ошонусу жакты. Негизи көп жылдан бери эле малинага кызыгып жүргөм. Кийин балам 10 миң сомго көчөтүн алып берген. Ар бир көчөтүн 10 сомдон сатып алганбыз. Бул сезондук эле жумуш. Жайы менен бекер жатпай, малина менен алек болобуз. Сатканын саткандай атайын дептерге жазып коём. Бирок 1 жылдык кирешебизди эсептей элекпиз. Майда-чүйдө иштерибиз бүтсө, отуруп алып кирешебизди эсептейбиз деп отурабыз. Келиним «апа, экөөбүз бир койдун акчасына малина кыямын жасаптырбыз» дейт. Жасагандарыбыз бешке бөлүнөт. Кышы менен ар бир балабызга жиберип турабыз.

Өстүрсө боло турган иш. Жакшы киреше табат экенсиң. 3 жылдан бери өстүрүп, жылдан-жылга мөмөсүн алып жатабыз. Мага жолдошум жардам берет. Экөөлөп карайбыз. Көбүнчө мен жумуштарым менен эки жакка көп чыгам. Ошондуктан жолдошум көбүнчө малинанын үстүндө болот. Бул айыл ичинде жакшы жумуштардын бири десем болчудай. Жок дегенде 1 кг 120 сомдон сатсаң деле, күнүмдүк тамак-ашыңа кенен жумшалат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE