Пример HTML-страницы

Мугалим Г.Сагымбаева окуучуларынын сырын угуп, эч кимге айтпай келгенин айтат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунун Григорьев айылынын 42 жаштагы тургуну Гүлкайыр Сагымбаева мектепте социалдык педагогдун кызматын аркалып келет. Ал аймактык кабарчыга жумуш учурундагы кызыктуу окуяларынан айтып берди.

«Григорьев айылында төрөлүп-өскөм, учурда ушул эле айылда жашайм. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктап, кыргыз тили жана адабият мугалими адистигине ээ болдум. Бирок 6 жылдан бери социалдык педагогдун кызматын аркалап келем. Филология факультетин аяктаган соң, кийинчерээк журналистика бөлүмүн улантып окуйм деген максат менен тапшыргам. Турмуш шартка байланыштуу андан ары уланта албай калгам. Ошондой болсо да бир топ ийгиликтерге жетип келе жатам. Анын натыйжасында мектептин, айыл өкмөттүн, райондук ички иштер бөлүмүнүн жана акимчиликтин ардак грамоталарын алдым», — деди ал.

Каарманыбыз өзүнүн жумуш учурундагы эсте калган окуялары менен бөлүштү.

«Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө рейдге барганда, күнөөсү жок жаш балдарды көрүп, жүрөгүм ооруйт. Кайдыгер болгон ата-энелерге жана өлкөдөгү жумушсуздукка жаным кейийт. Андан мурун класс жетекчи болуп иштеп жүргөндө кызыктуу окуялар көп болчу. Мага жагымдуусу окуучуларымдын эң таза, эң баёо сезимдерин жана сүйүүлөрүн айтышып, ишенип айтып беришкени болду. Ар бирин угуп, ар бирин сыр кылып сактап келе жатам. Ошол айткандары иш жүзүнө ашмайынча, мен да айта албайм.

Ортодо мигрант болуп, Россияда эмгектенип келүүнү чечтим. Бирок классыма ооз ачкан эмесмин. Документ иштерин бүтүрүп, эми класска кирип айтып чыгайын деп кабинетке кирсем, окуучулардын баары тескери карап, өңгүрөп ыйлап алышкан. “Ай эмне болду?” десем, “сиз бизге айтпай кетип жатыпсыз. Биз эмне болобуз” дешет. Анан “койгула алтындарым, мен бат эле кайтып келем” деп 2 саат убара болуп, токтото албай чыгып кеткем. Россиядан деле 5 айга жетпей келдим. Азыр ошол балдардын ыйы мени кетирип, коё берген жок деп ойлоп калам. Мына ошол ыйлаган окуучуларым мектепти аяктаганына 2 жылдын жүзү болот. Мен жанында эмесмин, ыйлабай эле ар ким оокатын кылып жүрөт», — деди ал.

Ал балдар арасында мерездикти жоюуга, кылмыштуулукту токтотууга аракет кылып жаткандыгын айтат.

«Бош убактымда гүлдөрүмдү карайм. Бул иштен мен өзгөчө күч-кубат алам. Мындан сырткары электрондук китептерден турмуш сабактарын окуганды, кайра ага баа бергенди жакшы көрөм. Учурда 2 уулум бар. Улуусу университетте студент, кичүүсү мектепте 9-класста окуйт.

Келечекте бардык балдар ата-эне мээримине зар болбой, мигрант саны азайып, бактылуу балалыкта жашаса, балдар арасында мерездикти жойсом, кылмыштуулукту токтотсом, алардын психологиясында жаркын келечекти пайда кыла алсам деп максат кылам», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE