Пример HTML-страницы

Москва районунда малдын тоюту арзан болуп, аз сатылып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 21-августта Москва районундагы тоют сатылуучу жайда чөп аз жана кардарлар да сейрек кездешүүдө. Анын себебин аймактык кабарчы изилдеп көрдү.

Маалым болгондой, ар айдын жекшемби күнү Беловодск айылында мал базар өтүп, ага жанаша кышкы тоют сатылуучу жай жана жайма базар жайгашкан. Ар жекшемби күнү мал базардын жанында кышкы тоют сатылат. Бүгүн негедир кышкы тоют аз. Мурда ал жерге батпай, жол ортосуна тизилген унаалар да жокко эсе.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, акыркы күндөрү тоют сатуучулар да азайып кетти.

«Быйыл тоют мол болду. Эл аны үйүндө сактап жатышат. Анткени анын баасы төмөн. Маселен бир таңгак саман 70, тоо чөбү 160, беде 200, ал эми уругу алынган беде чөбү ( костра) 130 сомдон болуп жатат. Учурда арзан болгондон улам сатуучулар кышкы тоюттун кымбатташын күтүп, үйлөрүндө сактап жаткандай. Эгер азыркы баага сатса, айрымдар жердин ижарасына жана күйүүчү майга жумшалган каражат чыгымдарын да актай албай калышы мүмкүн», — деди ал.

Буга чейинки жумаларда чөптүн бир таңгагы 170 сомдон сатылып, беде 200 сомго чейин көтөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE