Пример HTML-страницы

Москва районунда гиссар тукумундагы кочкор 45 миң сомго суралууда

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 25- июнда Чүй облусунун Москва районундагы мал базарда гиссар тукумундагы кочкор 45 миң сомго суралууда.Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ар жекшемби күнү райондун борбору Беловодск айылында мал, тоют чөп жана жайма базар өтөт.

«Өткөн жумага караганда бүгүнкү мал базарда койлор сатыкка көп коюлду. Себеби, жакында бардык мусулмандар Курман айт майрамын белгилешип, курмандык чалышат. Малдын баалары 3 айлык козулар 8, ал эми 2 жаштагы койлор 12-15, гиссар тукунундагы кочкорлор 35-45, улак 5, эчки 12, уйлар 100 миңге чейин сатыкка коюлду», — деди жергиликтүү тургундардын бири.

Ал эми Беловодск айылынын тургуну Ахмед: «3 жаш гиссар тукумундагы кочкорду сатыкка коюп, 45 миң сомго бааладым. Анын орточо салмагы 80 килограммды түзөт», — деди.

Ошондой эле кышкы тоют өткөн жумадан 20-30 сомго көтөрүлүп, бир таңгак беде 350, саман 160, тоо чөбү 280 сомдон сатылууда. Тоют чөптүн баасынын көтөрүлгөнү талаада оруп алууга чөптүн аздыгы менен түшүндүрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE