Пример HTML-страницы

Москва районунда Баткендин кургатылган өрүгү 630 сомдон сатылууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районунда Баткендин кургатылган өрүгү 630 сомдон сатылууда. Бул тууралуу соодагерлер билдирди.

Борбордук базар райондун борбору Беловодск айылында жайгашкан.

«Аптаптуу ысыктабы, кычыраган кыштабы, айтор жылдын 4 мезгилинде тең соода-сатык жүргүзөбүз. Коомчулукка белгилүү болгондой, өткөн жылга салыштырмалуу азык-түлүктөрдүн баасы бир топ көтөрүлдү. Учурда кой, уйдун эти 500-550 сом болсо, жылкынын эти 450 сом. Ошондой эле Баткендин кургатылган өрүгү 630 сом болсо, алма 50-60 сом, пияз, сабиз 30 сом, картошка 25, помидор 130 сом, Суусамыр балы 450 сомдон сатылууда», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE