Пример HTML-страницы

Милянфанда катталган жол кырсыкта ЭлТРдин кызматкери каза болду

Акыркы жанылыктар

TurmushАйланма жолдо болгон жол кырсыгынын кесепетинен ЭлТРдин айдоочусу каза болду.

«Опель Зафира» үлгүсүндөгү унааны Орловка шаарынын 1989-жылы туулган тургуну А.М. башкарып бара жаткан. Ал ЭлТРдин Бишкектеги кеңсесинде айдоочу болуп иштечү.

Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ылайык, саат 16:50 чамасында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө айланма жолдо кырсык болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн.

«Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөп кетти. Маалым болгондой, чыгыштан батышты көздөй бара жаткан «Опел Зафира» үлгүсүндөгү унаа менен «КамАЗ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Жеңил унааны Орловка шаарынын 1989-жылы туулган тургуну А.М.Ж. башкарып бара жаткан. Ал эми «КамАЗды» Бишкек шаарынын 1975-жылы туулган тургуну К.Б.К. айдап жүргөн.

Натыйжада «Опелдин» айдоочусу алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон. Ошондой эле, бул жеңил унаанын эки жүргүнчүсү тез жардам кызматы аркылуу Кант шаарынын ооруканасына жеткирилген: Сокулук районунун 1976-жылы туулган тургуну И.К.С. жана Бишкек шаарынын 1977-жылы туулган тургуну М.К.М.

Автоунаалар айып короого токтотулду. Тиешелүү экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE