Пример HTML-страницы

Мидин Токчулуков бириккен Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖайыл районунун Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Мидин Токчулуков дайындалды.

Жайыл районунда Кызыл-Дыйкан, Петропавловка, Орто-Суу, Полтавка жана Малтабар айылдарын камтыган Кызыл-Дыйкан жана Полтава айыл аймактары бириккен.

Жаңы түзүлгөн Ынтымак айыл өкмөтүнө Мидин Токчулуков жетекчи болду.

М.Токчулуков 1971-жылы 15-мартта Панфилов районунун Кайыңды шаарында туулган. Буга чейин Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.

Эске салсак, Жайыл районунда административдик-аймактык реформанын жүрүшүндө 12 айыл өкмөттөн 6 айыл өкмөт: Сары-Коос, Талды-Булак, Ынтымак, Ак-Башат, Суусамыр (жетекчиси Сейиткулов Максат Надырович калган) жана Жайыл (башчысы мурдагы бойдон калган — Кокоев Марат Жолдошбекович) калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE