Пример HTML-страницы

Медик Гүлзат Султакеева темир жолдо элдин ден соолугуна кам көрүп келүүдө

Акыркы жанылыктар

Turmush18 жашынан баштап медицинада кызмат кылып келе жаткан Гүлзат Султакеева уулунун ден соолугу менен күрөшүп келет.

Ал 1987-жылы 21-декабрда Сокулук районунда туулган. 2005-жылы Республикалык СПИД борборунун каттоо бөлүмүндө медициналык каттоочу болуп ишке кирип, бир топ убакыт иштеген. 3 балалуу болгондон кийин гана «Уникум» кыргыз медик-социалдык колледжине тапшырып, аны 2018-жылы аяктаган. Окууну бүткөн жылы Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүнүн кайра жандандыруу бөлүмүндө жумушка кирген. Ал жакта 5 жыл иштеген соӊ, «Кыргыз темир жол» мамлекеттик ишканасынын ооруканасына жумушка орношкон.

«Темир жол ооруканасында жалаң гана темир жол кызматкерлерин эмес, башка бейтаптарды деле дарылайбыз. Поезддик каттамда иштеген өзүнчө медайымдар бар. Пандемия маалында «кызыл зоналарда» дагы эмгектенип, эл кызматында болдум», — деди ал.

Каарманыбыз 2007-жылы турмушка чыккан. Учурда 3 баланын энеси.

«Улуу балам Юридикалык академиянын 1-курсунун студенти. Андан кийинки уулум 8-класста билим алса, кичүү уулум 5-класста окуйт.

2022-жылы февраль айында уулум аксап калды. Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барып, рентгенге тарттырсак, жарака бар деп чыкты. Операция болуп, бутуна пластина коюлду. Операция 3 жолу болду. Бир жыл мектепке барбай, үйдө онлайн билим алды. Эми болсо эндопротез койдуруш керек болуп жатат. Ал чет мамлекеттен коюлат. Бул үчүн бардык күчүбүздү жумшап жатабыз. Элден дагы жардам сурап турган чагыбыз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE