Пример HTML-страницы

Ленин айыл аймагында айыл чарба багытындагы жерге 260 турак жай өз алдынча курулганы аныкталган

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы 300 гектардан ашык жер турак үй куруу үчүн мыйзамсыз берилип жатат, деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Сөз болуп жаткан жер №1352-1354 контурда жайгашкан. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматына караганда, 300 гектар жерди 16 адам үлүшкө алган. Болжол менен 60 гектарга жакын жерге уруксатсыз турак үй курулган. Бул жер «Чекиш-Ата» базарынын батыш тарабында жайгашкан.

«Садовой айылынын батыш тарабында 27 гектар сугат жер (№1382 контур) жайгашкан. Анын ичинен 11 гектар жери өкмөттүн токтому менен Аламүдүн айыл өкмөтүнө жеке турак жай куруу үчүн өткөрүлүп берилген. Калган 15,27 гектар сугат жер катары Ленин айыл аймагынын жери болуп саналат. Болжол менен 2009-2013-жылдар аралыгында өз алдынча үй куруулар башталган. Учурда 260 турак жай өз алдынча курулганы аныкталды.

Жер тилкелерин сатуу боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Анда Ленин айыл өкмөтү үчүнчү тарап катары иш алып барууда. Аламүдүн райондук сотунун акыркы чечими болбосо, Ленин айыл өкмөтү комментарий берүүгө укугу жок.

Ленин жана Аламүдүн айыл аймактарынын чектеш чек аралары боюнча Чүй административдик сотунда да соттук териштирүүлөр жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE