Пример HTML-страницы

Кызыл-Кыя шаарында коомдук тартипти сактоо үчүн рейддер уюштурулуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКызыл-Кыя шаарындагы борбордук базарында айдоочуларды милиция кызматкерлери тартипке чакырды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя ШИИБдин өкүлдөрү балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте борбордук базарда, эл көп чогулган жерлерде үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Базарда коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулукка жол бербөө, чөнтөк уурулуктарды болтурбоо, коомдук жайларда укук бузуулардын алдын алуу максатында эл көп жыйналган жайларды күн сайын көзөмөлдөп жатат.

Жолдо жүрүү эрежелерин сактоо, жол кырсыгынын алдын алуу жана жол тыгынын жоюу үчүн жөө жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Эреже бузган айдоочуларга мыйзам чегинде чара көрүлүп, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин (транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) негизинде 12 протокол толтурулуп, айып пулдар салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE