Пример HTML-страницы

Кызыл-Кыя шаарында батирде бекилип калган бир туууган кыздар куткарылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунда батирде бекилип калган кыздар куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, куткаруучуларга 23-декабрда саат 17:18де Кызыл-Кыя шаарынын 60 жылдык көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батиринин эшиги бекилип калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Куткаруу иштерине №62 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылган.

Көп кабаттуу турак үйгө үч шатынын жардамы менен чыгып, батирдин терезеси аркылуу кирген куткаруучулар саат 17:38де эшикти ачып беришкен.

Батирдин ичинде 2012-жылы жана 2009-жылы туулган бир тууган кыздар болгон.

Жабыркагандар болгон жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE