Пример HTML-страницы

Кыштын күнү көчөдө калган балага камкордук кылган капитан Салават Буйлашов кийин ага өкүл ата болгон

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн кадр жана кесиптик даярдык боюнча тобунун улук инспектору — милициянын капитаны Салават Буйлашовдун ары оор, ары түйшүктүү кесипти аркалап келе жатканына быйыл 19 жылдын жүзү болду. Ал бул жыл аралыгында далай тагдырлардын күбөсү болгонун Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.

Учурунда картон кагаз менен жылынып, ар жерде түнөгөн балдарды балдар үйүнө жайгашканга чейин үйүндө караган күндөрү болгон. Алардын арасында эр жеткенден кийин бири ыраазычылык айтып кетсе, бири аны өкүл ата койгон.

Салават Буйлашов ИИМдин милициянын генерал-майору Ж.Шабиров атындагы лицейин 2003-жылы бүтөрүп, Тогуз-Торо РИИБдин убактылуу кармоочу жайында катардагы күзөтчү болуу менен эмгек жолун баштаган. Ошондой эле Кыргызстан эл аралык университетинде юриспруденция адистигин аяктаган.

Ал үчүн туулуп-өскөн жерине келип, жумуш баштоо деле оңойго турган эмес. Райондук ички иштер бөлүмүндө азыркыдай шарт жок болгон. Эски имарат, убактылуу кармоочу жай болсо имараттын жөртөлөсүндө, төрт тарабы цемент болгон жайда иштешкен. Кышкысын кармалгандар эле эмес, кызматкерлер деле үшүп калышчу. Убактылуу кармоочу жерде даараткана, канализация болгон эмес.

«Кышкысы кыйынчылык көп жаралчу. Жылытууга аракет болчу, бирок жетишсиз эле. Кызматкерлер зым плиталар менен отурчубуз, ал үзүлүп калса, кайра улап алат элек. Ал жайда шарт жоктугунан кышкысын кызматкерлер бир сыйра ооруп чыгышчу. 2013-жылы жаңы имарат бүткөрүлду. Убактылуу кармоочу жайда азыр ажаткана, жуунучу жай бар. Жылуулук менен камсыздоо да жолго коюлган. Азыр бардык шарт түзүлгөн. Кыйынчылык — баары убактылуу нерсе деп айтат элем», — дейт ал.

Салават Буйлашов убактылуу кармоочу жайда иштеп жүргөндө уюшкан кылмыштуу эки топтун кыңыр ишин ачууга көмөктөшкөн. Тактап айтканда, 2006-жылы Тогуз-Торо районунун тургуну — уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган жарандын үйүнө милициядан келгенин айткан 4 адам кирип, анын башына мүшөк кийгизип алып чыгып кетишкен. Бул кылмыштын бети ачылып, шектүүлөрдүн баары кармалган.

5 жылдан соң каарманыбыз жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөөгө өткөн.

«Окуучуларга коркутуп эмес, түшүнүп мамиле кылсаң анан алар сага ачылып, айтып берет. Балдарга болбойт деп айткандан көрө жаш балдардын кылмышка барып, өкүнгөнү тууралуу кыска видеороликтерди көрсөтсөң, катуу таасир алышат экен. Балдардын өткөөл курагында ата-энелери кошо көмөк беришсе, баарына жеңил болот. Башкысы балдарды ачуу тил менен тилдебеш керек. Ата-энесиз калган, тагдыры оор учурга туш болгон балдар ойлондурбай койбойт.

Бир жолу ар жерде түнөп, кыштын күнү картон кагазга жылынып жүргөн баланы таптым. Бизде балдарды жайгаштырчу жай жок, аны кышкысын үйүмдө карадым. Жаз келгенде балдар үйүнө алып барып, таштап келдик. Атасы каза болуп, апасы башка күйөөгө тийип кетип, атасынын туугандары таптакыр карабай койгон. Аргасыз балдар үйүнө жайгаштыруу керек болду. Кийин дагы бир баланы алып барып жайгаштырдык. Биринчи алып барган бала мени алып кеткени келди деп сүйүнүп, ыйлаганын угуп, мен деле жаман болдум. Экөө тең балдар үйүндө чоноюшту. Бириси чонойгондо келип рахматын айтып кетти. Бишкек шаарында туугандарын таап алыптыр, мен да кубанып калдым. Экинчиси 18 жашка чыкканда балдар үйүнөн келип, биздин үйдө жүрдү. Ушул райондо, ата журтунда калып, өзүнчө бүлө күттү. Жакында тун балалуу болду. Мен ага өкүл ата болдум. Атасындай кабыл алышат», — дейт ал.

Жаш өспүрүмдөр менен иштеген кызматкер кийин участкалык инспектор кызматын аркалаган. Өзүнүн айтымында, участкалык инспектордун жумушун алып кетүү оңой болгон эмес. Чырлуу үй-бүлөлөр менен иш алып баруу, өз аймагындагы жагдайга көз салуу, коомдук коопсуздукту кароо сыяктуу иш мерчемдерди жүргүзүү сыяктуу милдеттерди аркалаган.

«Айылда сөзү өтүмдүү аксакалды угушат. Үйүндө чырдашкан түгөйлөр боюнча аскалдар, аялдар кеңештери чогуу иш алып барса, инспекторго да жеңил болот эле. Менин аймагымда 2 үй-бүлө болду, эркеги көп арак ичип келип, үйүндө чыр салчу. Балдары атасы ичип келген күнү таенесинин, чоң энелеринин үйлөрүнө качып кетчү. Сүйлөштүк, тиешелүү иштин баарын алып бардык, болгон жок. Акыры экөө тең 15 суткага чейин камалып чыккандан кийин арак ичкенди токтотушту. Экөө тең ичпей, динге киришти. Алардын ичпей калганына бир топ адам сүйүндү. Инспектордун жумушу күн-түн дебейт. Кээде чакыруу болуп, атайын барсаң «менин эишигимди бирөө такылдатты» дейт. Өзүнүн же кошунасынын эшиги такылдаган үчүн чакырып, убайым тарттырган учурлар болгон. Ырас, элдин жүгүн алган соң баарына чыдашын керек», — дейт ал.

Салават Буйлашов үй-бүлөлүү, ал 7 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE