Пример HTML-страницы

Кыргызстан менен Сингапурдун футболчуларынын беттешине Достуктагы тургундар чоң экран аркылуу күбө болууда

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргызстан менен Сингапурдун футболчуларынын беттешине Ноокен районунун Достук айылынын тургундары чоң экрандан күбө болууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучу Сыймык Талантбек уулу билдирди.

Анын айтымында, айылга чоң экран алынып келген.

«Мындан эки жыл мурун атайын чоң экран алып, аны айылдык маданият үйүнө орнотконбуз. Жыл сайын дүйнөлүк лигалар болгон учурда айыл элине түз эфирде көрсөтөбүз. Кыргызстан менен Сингапур оюн талаасында беттешет, бул оюнду да түз алып берүүдөбүз. Бул кадамыбыздын негизги максаты жаштарды спортко тартып, кылмыштуулуктун алдын алуу жана жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо», — дейт С.Талантбек уулу.

  • Ноокендин Достук айыл аймагында 10 миңге чукул адам жашайт.

Бүгүн, 8-июнда Бишкек шаарында футбол боюнча Азия кубогуна тандоо мелдеши башталды.

Кыргызстандын курама командасы «F» тайпасына бөлүнгөн. Бул тайпада Тажикстан, Сингапур жана Мьянманын курама командалары бар. Тандап алуу оюндары Бишкекте өтөт.

Өз тайпасында 1-2-орунду ээлеген курама командалар Азия кубогуна жолдомо алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE