Пример HTML-страницы

Кыргыз-орус инвестициялык форумунда Оштун агроөнөр жай тармагынын потенциалы талкууланды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 8-октябрь күнү Ош шаарында орус-кыргыз инвестициялык форуму болуп өттү. Форумдун расмий ачылышына чейин үч бөлүктө түрдүү темаларда талкуулар болду.

«Евразиялык транспорттук-логистикалык коридорлор жана соода аянтчалары — эл аралык сооданын глобалдык системасындагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн фактору» аталышындагы талкууда төмөнкү маселелер каралды:

— Транс улуттук транспорттук долбоорлор — биргелешкен ишке ашыруу жана «дүйнөлүк соода океанына» чыгуунун бирдиктүү стратегиясы;

— Эл аралык соода аянтчаларынын кеңири мүмкүнчүлүктөрү: эмне үчүн базарлар пайдалуу?;

— Ош шаары — Борбор Азиянын аба жана логистикалык борбору;

— Евразия агроэкспресс: келечекке көз караш (импорт/экспорт).

Ошондой эле «Региондун текстиль өнөр жайын өнүктүрүү: салттарды кайра жаратуу» боюнча:

— Пахта өндүрүүнүн перспективалары жана жаңы технологиясы;

— Пахта-текстиль кластерлери: Өзбекстандын тажрыйбасы;

— Жеңил өнөр жай — Фергана өрөөнүнүн экономикасын өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчү;

— Тигүү өнөр жайы үчүн базарлар: ыңгайлуу, арзан жана пайдалуу;

«Кыргызстан дүйнөлүк текстиль бренддеринин фабрикасы» темалары талкууга алынып, спикерлер тарабынан баяндоолор окулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE