Пример HTML-страницы

Кыргыз, казак жана өзбек дзюдочулары катышкан Чүйдөгү мелдеште жеңүүчүлөр аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарында 2006-2007 жана 2008-2009-жылдары туулган өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча Чүй облусунун ачык кубогу болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, турнирге Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын жаш дзюдочулары келишти. Жайыл районунан машыктыруучу Козубай Шеркозуевдин жетекчилиги менен 5 спортчу катышты.

50 килограммга чейинки салмак ченинде Марсель Алтынбеков 3-орунду ээледи. 60 килограммга чейинки салмакта Аятулло Алтынбеков эки алтын, эки коло медаль тагынды. Ал Чүй облусунун командасына 100 пайыз жыйынтык берди.

Командалык эсепте 1-орунду Чүй облусунун курама командасы, 2-орунду Казакстандын курама командасы жана 3-орунду Өзбекстандын курама командасы ээледи. Жеңүүчүлөр жана байге ээлери Чүй облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын медалдары жана дипломдору менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE