Пример HTML-страницы

Кочкордо «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жаңы кеңсеси ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 29-апрелде Нарын облусунун Кочкор районунда «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жаңы кеңсеси ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Буга чейин аталган мекеменин имараты кардарлар үчүн ыңгайсыздыкты жаратып келген болсо, учурда бардык шарттар түзүлдү. Аталган мекемеде 3 кызматкер иштеп, күнүгө 50дөн ашык кардарды тейлөөгө жетишет.

Ачылыш аземге ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Нурбек Ишеналиев жана райондук бийликтин өкүлдөрү катышты.

Бул мекеме Мамлекеттик каттоо кызматынын алдында иш алып барып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE