Пример HTML-страницы

Кочкор районунда Ооган согушунда курман болгондор эскерилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 15-февралда Кочкор районунда Ооган согушунда курман болгондор эскерилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара Кочкор айылындагы сейил бакта өтүп, эстеликке гүл чамбар коюлуп, куран окулду. Аталган эскерүүгө жергиликтүү бийлик, Ооган согушунун ардагерлери келип катышты.

Кочкор районунан Ооган согушуна 53 адам жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 4 жоокер согуш талаасында курман болгон. Бүгүнкү күндө 28 жоокер гана калган. Ал эми 19 жоокер согушта алган ар кандай жаракатынан улам өз мекенине келгенден кийин каза болушкан.

1979-жылы Герат шаарында жаңы өкмөткө каршы козголоңдон кийин расмий Кабул СССРдин жетекчилигине аскерлерин киргизүү өтүнүчү менен кайрылган. Буга чейин коргоо министри Д.Ф.Устиновдун буйругу менен Афганистанга аскерлерди десантттоого даярдык башталган. Ошентип Афган Республикасына жардамга совет бийлиги 1979-жылдан баштап аскерлерди жөнөтө баштаган. Тогуз жылдан ашык убакытта Ооган жеринде 15 миң 51 жоокер каза болгон. Анын ичинен 14 миң 427 жоокер атышууларда жана кармаштарда жаракат алышкан. Ал эми Кыргызстандан 7 миңден ашык кыргыз жоокери мобилизацияланып, алардын 252 адамы каза тапкан. Майып болуп келгендердин саны 600гө чукулдаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE