Пример HTML-страницы

Кемин районунда 11 айыл өкмөт бар. Аларды жетектеген башчылардын эң кичүүсү 36 жашта

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районунда 11 айыл өкмөт бар. Аймактык кабарчы айыл өкмөт башчыларынын тизмесин топтоду.

Райондо эӊ жаш айыл өкмөт башчы 36 жашта болсо, эӊ улуусу 63 жашта. Жетекчилер арасында бир дагы аял киши жок.

1. Ильич айыл өкмөтүнүн башчысы Султанов Салмоорбек Курманканович, Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылында 1960-жылы 10-июнда туулган (63 жашта). Бул кызматта 2022-жылдын 30-декабрынан бери иштеп келет.

2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Асанов Таалайбек Алымсейитович, Кемин шаарында 1969-жылы 25-декабрда туулган (54 жашта). Бул кызматта 2021-жылдын 18-июнунан бери иштеп келет.

3. Көк-Ойрок айыл өкмөт башчысы Абдыкадыров Шүкүрбек Кыйбатбекович, Нарын облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Дөдөмөл айылында 1971-жылы 14-майда туулган (52 жашта). Бул кызматта 2022-жылдын 21-октябрынан тарта иштеп келет.

4. Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысы Бакиров Улан Кундузбекович, Кемин шаарында 1979-жылы 16-июнда туулган (44 жашта). Бул кызматта 2020-жылдын 10-декабрынан бери иштеп келет.

5. Боролдой айыл өкмөтүнүн башчысы Иманалиев Каныбек Абдыбекович, Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айылында 1980-жылы туулган (43 жашта). Бул кызматта 2022-жылдын 18-октябрынан тарта иштеп келет.

6. Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы Кенжебаев Алмаз Шаршенбаевич, Кемин шаарында 1982-жылы 16-июлунда туулган (41 жашта). Бул кызматта 2021-жылдын 4-июнуна тарта иштеп келет.

7. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Мамбетказиев Айбек Канатович, Казакстан Республикасында 1984-жылы 6-декабрда туулган (39 жашта). Бул кызматта 2022-жылдын 21-декабрынан тарта иштеп келет.

8. Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Абдрахманов Анвар Шералиевич, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 1984-жылы 6-январда туулган (39 жашта). Бул кызматта 2021-жылдын 15-июнунан бери иштеп келет.

9. Алмалуу айыл өкмөтүнүн башчысы Шакиров Улан Бобекович, Кемин районуна караштуу Кызыл-Суу айылында 1986-жылы 9-апрелинде туулган (37 жашта). Бул кызматта 2018-жылдын 27-июлунан тарта иштеп келет.

10. Чоӊ-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы Сулайманов Нурбек Жамалидинович, 1986-жылы 28-июлда туулган (37 жашта). Бул кызматта 2017-жылдан бери иштеп келет.

11. Ак-Түз айыл өкмөтүнүн башчысы Турдубеков Анвар Жумабүдүнович, Кемин районунун Ак-Түз айылында 1987-жылы 15-январда туулган (36 жашта). Бул кызматта 2021-жылдын 17-июнунан тарта иштеп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE