Пример HTML-страницы

«Каракол» аэропортунда каза болгон тургундардын сөөгү айылга алынып келди

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында аэропорттун курулушунда иштеп жатып каза болгон тургундардын сөөктөрү Жылдыз айылына жеткирилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кырсык 2023-жылдын 5-июнда болгон. Металл конструкция [кээ бир маалыматтар ​​боюнча, кеп курулуш фермасы жөнүндө болуп жатат] талкаланып, Күчүков көчөсүндөгү аэропорттун курулушунда үч адам жабыркаган.

Алардын бири — Ак-Суу районунун Жылдыз айылынын 1978-жылы туулган тургуну А.Р. окуя болгон жерден каза тапкан.

Ысык-Көл облустук ооруканасына төмөндөгүлөр жеткирилген:

— Ак-Суу районунун Жылдыз айылынын 1981-жылы туулган тургуну Б.А. жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган;

— Ак-Суу районунун Челпек айылынын 1970-жылы туулган тургуну О.А. жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган;

Алардын абалы өтө оор деп бааланган. Жабырлануучу Б.А. кийин каза болгон.

Айыл тургундарынын маалыматына караганда, А.Рустам жана Б.Азамат буга чейин Каракол шаарындагы ишканалардын биринде эмгектенип келишкен. Айлык акынын аздыгынан 10 күн мурда «Каракол» аэропортундагы курулуш иштерине маляр (сырдоочу жумушчу) болуп жумушка орношушкан.

«Сөөгүн алып келдик. Рустам үй-бүлөдө 10 бир туугандын кичүүсү. Ал К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окуган. Үйдүн кенжеси болгондуктан, өз кесиби менен иштеген жок. Караколго барып-келип иштеп жүрчү. Ажал айдап барды го. Туугандары 10 күн мурун ишке орношкон деп айтып жатышат. Рустамдын артында төрт баласы калды. Улуусу студент, кичүүсү 4 жашта», — дейт Жылдыз айылынын тургуну.

Ал эми 1983-жылы туулган Б.Азаматтын артында 3 баласы калды.

«Азаматтын эки баласы тең мүмкүнчүлүгү чектелген балдар. Алар үчүн жөлөк пул алып келген. Жакында эле жубайы айылдагы бала бакчага жумушка орношкон. Маркумдун артында калган балдарынын улуусу 14, кичүүсү 5 жашта. Азамат да Жылдыз айылынан Караколго барып-келип иштечү», — дейт айыл тургуну.

Бүгүн, 6-июнда облус жетекчилиги маркумдардын айылына барып, жакындарына көңүл айтып, алардын үй-бүлөлөрүнө жана жараат алган жаранга мамлекет тарабынан жардамдар көрсөтүлөрү айтылды.

Ал эми үчүнчү жабырлануучу А.О. учурда Ысык-Көл облустук ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүндө жатат. Абалы туруктуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE