Пример HTML-страницы

Кара-Суудагы коомдук мончо боюнча прокуратурага кат жөнөтүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Суу районундагы Мады айыл аймагына караган Кахраман участкасында жайгашкан коомдук мончо тиешелүү документи жок мыйзамсыз иштеп жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын башкы инспектору Адылбек Матисаков билдирди.

Анын айтымында, аталган мончо мыйзамсыз иштеп жаткандыгы боюнча Кара-Суу райондук прокуратурасына чейин билдирдүү жөнөтүлгөн. Бирок жооп келе элек.

«Министрликке канча салык төлөйт, уруксат кагаздары, экологиялык паспорту жана башка тиешелүү документтери барбы деп кат жазгам. Ал жактан эч кандай документтери жок, мыйзамсыз деп берип жатат. Бул боюнча Кара-Суу районундук прокуратурасына да кат жөнөткөнбүз. Бирок бизге эч кандай жооп берген жок», — деди Матисаков.

Мончодон кара түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот. Техникалык атайын жабдыктар коюлган эмес.

Бүгүн, 14-февралда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Ош шаары жана Кара-Суу районунун аймагындагы атайын рейд жүргүздү. Рейддин алкагында Кара-Суу районунун аймагында экологияга байланыштуу маселелер каралып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE