Пример HTML-страницы

Кара-Сууда бир уйду союп, этин бөлүп алган 4 теңтуш кооптуу илдет жуктурган

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунда 2024-жылдын февраль айында 4 адамдан сибирь жарасы аныкталды. Бул тууралуу Кара-Суу райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Маккамбай Даминов билдирди.

Анын айтымында, былтыркы жылы 16 гана адамдан сибирь ылаңы аныкталган болсо, быйылкы жылдын бир кварталында эле 4 адамдан аталган ылаң аныкталды.

«Ушул жылдын февраль айынын ортосунда Мады айыл аймагынын Учкун айылында жоролор бир уйду союп, этин бөлүп алышкан экен. Ошол төрт адамдан сибирь жарасы аныкталып, алар дарыланып, уйдун эти, териси, баары чогултуп, бетондолду.

Былтыркы жылы жыл бою 16 адам гана сибирь жарасын жуктуруп алган болсо, быйылкы жылдын биринчи кварталында эле 4 адамдан аныкталып жатат. Акыркы учурда Мады айыл аймагында, Каарман, Учкун айылдарында Сибирь ылаңын жуктуруп алгандар көп катталды. Эмне үчүн экенин билбейм, же мал базар ошол айылда жайгашканы үчүнбү айтор, көп катталды», — деди Даминов.

Башкы дарыгер белгилегендей, эки жылдан бери кутурма ылаңы Кара-Суу району боюнча каттала элек.

Сибирь кулгунасы, сибирь жарасы — жаныбарлар менен адамдын жугуштуу оорусу.

Адам сибирь жарасын ылаң малды бакканда, сойгондо, анын этин тамак-ашка пайдаланганда, топурак жана суу аркылуу жуктуруп алат.

Сибирь кулгунасы көбүнчө териден, азыраак ичеги жана өпкөдөн кармайт. Териден кармаган формасында оору козгогуч айрылган тери, ошондой эле курт- кумурска чаккан жер аркылуу кирин, анда кызыл так пайда болот да, ыйлаакчага, ириндеп жарага айланат. Дене ысып, баш ооруйт, шай кетет.

Ичегиден жана өпкөдөн кармаганда адам 2-4 күн ичинде каза болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE