Пример HTML-страницы

Кадамжайлык А.Жороеванын үйүндө өстүргөн гүлдөрү Бишкекке чейин сатылууда

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун Марказ айылынын тургуну Айсулуу Жороева 2 жылдан бери жоогазын гүлдөрүн өстүрүп, сатыкка чыгарууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, күнүн гүлдөргө суу куйгандан баштайт. Чакан 2 бөлмөдө өткөн жылы 1000 түп гүл өстүргөн. Бир топ тажрыйба топтоп калган соң быйылкы жылы 5000 түп эгип, гүлдөрдүн түрүн да көбөйткөн. Учурда жоогазын гүлүнүн 10 түрү бар. 1 даана гүл 75 сомдон сатылууда. Негизинен гүл сатуучу дүкөндөр менен кызматташат. Жарыкты сүйгөн жоогазын гүлдөрүнүн ар бирине өзүнчө аяр мамиле жасап туруу керек. Өз учурунда сугарып, бөлмөнү желдетип туруу да талапка ылайык.

Декреттик өргүүдөгү Айсулуу Жороева үчүн гүл өстүрүү көп түйшүктү талап кылбай, үй тиричилиги менен кошо алып кетүүгө ыңгайлуу. Бул гүлдөр ноябрь айында эгилген. Ишкер айым жоогазын гүлдөрүн өстүрүү үчүн мүмкүн болушунча шарт түзгөн. Жарык берип, жылуулукту камсыздап турат. 8-март — Аялдардын эл аралык майрамын утурлай гүлдөп жетилиши үчүн ноябрь айында өстүрүп баштаган. Учурда гүлдөр облустун аймагына жана Ош, Бишкек шаарларына да сатылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE