Пример HTML-страницы

Кадамжайдагы сел имараттарды каптап кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 18-май күнү саат 13:30 чамасында Кадамжай районунда мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн сел акты. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, суу Кадамжай РИИБдин имаратынын жертөлөсүнө жана Зведная көчөсүндө жайгашкан өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн чарбагына кирген. Тазалоо иштерине 6 куткаруучу тартылып, учурда мотопомпа менен сууну тарттыруу иштери жүргүзүлүп жатат.

Буга чейин жергиликтүү тургундар бүгүн, 18-майда саат 15:00 чамасында катуу жааган жамгырдан улам Кадамжай районунун Пүлгөн айылында сел жүргөнүн билдиришкен.

Маалыматка караганда, учурда сел айыл ичиндеги ички жолдордо жана Ош—Баткен—Раззаков жолунда агып жатат. Унаалардын каттамы токтоп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE