Пример HTML-страницы

Кадамжай жана Баткен райондорунда балдарга сый тамак берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунда 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына майрамдык иш-чара уюштурулду.

Акимдин орун басары Меерихан Асанованын айтымында, майрамдык салтанатка жалпысынан район аймагынын 300дөн ашуун балдар чакырылган. Аларга белек-бечкек жана сый тамак берилди.

Салтанат «Жийделик» эс алуу жайында уюштурулуп, 300дөй бала чакырылган. Бирок балардын саны 1 миңден ашып кетти.

Кадамжай шаарында 500гө жакын балага майрамдык саамалыкка катышып, аларга оюндар уюштурулуп, балмуздактар таратылды.

Баткен районунда да салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Келген балдардын ар бирине баалуу сыйлыктар тапшырылды. Иш-чарага ата-энесинен эрте ажыраган балдар катышты. Аларга сый-тамактар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE