Пример HTML-страницы

Изделип жаткан Баяна Карыбаева Каракол шаарынан табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунда жакындары тарабынан изделип жаткан Баяна Карыбаева табылды. Ал Каракол шаарында жашаган курбулары менен бирге жүргөндүгүн бир тууган эжеси Сымбат Карыбаева билдирди.

Буга чейин Turmush басылмасы Ак Суу районуна караштуу Шапак айылынын 2009-жылы туулган тургуну Баяна Карыбаева үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын жазган.

Ал 27-май күнү саат 10:00 чамасында апасына курбу кызымдын туулган күнүнө барам деп, үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Жакындары Баянанын курбуларына байланышканда, эч кандай туулган күн болгон эместигин маалымдашканы белгилүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE