Пример HTML-страницы

Эски буюмдарга экинчи өмүр тартуулаган А.Эралиевдин жабдыгы менен 1 саатта 500 сом тапса болот. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл өкмөтүнүн Кан-Коргон айылынын 44 жаштагы тургуну Алпамыш Эралиев ар кандай жумуштарды жеңилдеткен аппараттарды жасайт. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы таанышты.

Алпамыш Эралиев колдонуудан чыгып калган буюмдарды кураштырып, жаңысын жасайт.

«Негизи бош деле убактым болбойт. Кичине мал-салым бар, ошону караймын. Андан сырткары айылдагы бузулган унааларды оңдойм. Бош убакыт болуп калса, айылдагы таштандыга төгүлгөн жерден темир-тезекти алып келип, бир нерселерди жасайм. Максатым — таштандыны жок кылуу, ыргытылган темирден жакшы буюмдарды жасап, экинчи жолу өмүр тартуулоо. Элдер пайдасыз темирди темир алгандарга тапшырып жатышпайбы. Бул нерселерди кайра эле кытайлар алып, арматура жасап, алар кайра эле Кыргызстанга начар абалда сатышат. Анан аны эл пайдаланат. Андан сырткары жер-сууда жаткан темирлердин экологияга зыяны тийбесин деп буюм жасайм», — деди ал.

Устанын айтымында, жаш балдардын бузулуп калган велосипединин чынжырчасынан аркан жасоочу жабдык жасады. Анын жасалуу жолун интернеттен үйрөнгөн.

«Мурда бизде кургакчылык болуп, шаардан малга таңгакталган чөп алып келчүбүз. Андан ашып калган жиптер болот. Алар ар жерде чачылып жатат, өрттөп жиберсең дагы болбойт. Андан көрө тиричиликке керек болгон арканды жасагам. Кийин айылдагы элден, коңшу-колоңдордон аркан жасоочу машина жасап бер деп келе башташты. Анча-мынча керек-жаракка жарап жатат. Бир мотордук жип алып келсем, бир саатта 12 кулачтан 25 метрден 5 даана аркан чыгат экен. Колго жасалса, 4 киши колго тегеретип, бирөөсү тартып, бирөөсү жипти өрүп, 5 кишинин убактысы кетет. Бир саатта бир аркан жасалат. Ал эми мен бир саатта 5 аркан жасайм. Бир лоток жип алып келсем, 5 аркан чыгат. Ар бирин 100 сомдон сатып, бир саатта 500 сом пайда табам. Чөп жыйноо мезгилинде аркан абдан керек болот. Ошол кезде көп буюртма болот. Жиптин сапаты дагы башкаларга салыштырмалуу абдан бышык. Мага каржылык жактан жакшы жардам болуп жатат», — деди ал.

Устадан жашоочулар үй иштерин женилдетүүчү аппараттарды жасап берүүнү көп суранышат.

«Унаанын дөңгөлөктөрүн алмаштырып, жамап берген станоктордун баарын өзүм эле жасап алам. Жасаган буюмдарымды чогултуп коюп койбойм, аларды өз убагында элдер алып кетишет. Көбүнчө жашоочулар өздөрү келип, жок нерсесин айтат. Мен ошол айткан нерсесин жасап берем. Мисалы, кээ бирөөгө сабиз тиккен аппарат керек болуп калат. Ошондой эле той-аштарга керектелген нерселерди жасатып алып кетишти. Кимдир-бирөөгө культиватор керек, аны жасап бергем. Учурда кызымдын баласы үчүн бешик жасап жатам.

Биздин айыл, Алайкуу өрөөнү тоолуу болгон үчүн шаарга каттам аз болот, жол акы кымбат. Андан сырткары райондун борборунан (Кара-Кулжага) 100 км алыс. Ошон үчүн элге керектелген буюмдар бул жакка кымбатка келип түшөт. Ушундан улам бош убактымды текке кетирбей, таштанды нерселерден буюм жасап, экинчи өмүр бергенди жакшы көрөм. Алдыда дагы жакшы план, максаттарым бар. Ишке ашырууга аракет көрүүдөмүн.

Негизи мен бир нерсени пайда көрүү үчүн жасабайм. Элдин ыраазычылыгы үчүн жөн эле сураган буюмдарды колго жасап берем. Болгону аркандын бир даанасын 100 сомдон саттым», — деди ал.

Алпамыш Эралиев бул өнөр тубаса экенин айтат. Ата журту тарапта да, тага журту тарапта да мындай өнөрдү аркалагандар жок.

«Мектепте окуткан агай-эжекелердин таасири го деп ойлойм. Союз учурунда бардык мугалимдер жакшы окутушкан. Менин бул кесибимди улантып кеткен эч ким деле жок. Балдарым дагы кызыкпайт, шакирт деле алган жокмун. Айылда мал чарбачылык менен тиричилик кылган үчүн бош убактым кээде гана болуп калат. Биз шарты катаал, Кытай менен чектешкен айылда турабыз. Мал чарбачылыктан башка киреше булагыбыз деле жок, айрымдары гана дыйканчылык кылышат», — деди уста.

Алпамыш Эралиев 1978-жылы 26-февралда жарык дүйнөгө келген. Жети баланы тарбиялап өстүргөн, 2 уул жана 5 кыздын атасы. 3 кызынын үй-бүлөсү бар, 1 кызы студент, ал эми 3 баласы мектеп окуучусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE