Пример HTML-страницы

Депутаттар, саясатчылар… Жол жээкте соода кылган Н.Чагатаеванын каттамасын тамшанып жегендер көп

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районунун тургуну Нуржамал Чагатаева 30 жылдан бери жол жээгинде соода кылып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Учурда Чоӊ-Кемин айылында жашайбыз. Жол боюнда соода кылганыма 30 жыл болду. 1992-жылдан бери кышы-жайы дебей, каймак менен казанга каттама жасап, пирожкибизди, жүгөрүбүздү саттык. Акыркы жылдары балдарым кышында үйдө отуруӊуз деп чыгарбай калышты.

Жолдошум экөөбүз 2 кыз, 3 уулду чоӊойттук. Билим алуусуна шарт түздү. Бирок, тилекке каршы 2 жыл мурун жолдошум каза болуп калды. Экөөбүз бирге 44 жыл өмүр сүрдүк. Бармактайыман келгем. Өмүрлүк жар деген жаман болот экен. Анын жоктугуна көнө албай жүрүп, эми акырындан көнүп келе жатам. Уул-кыздарыбыздын 4-5 баласы бар. Улуу кызым Россияда иштейт. Улуу балам айылда, экинчи балам шаарда, кичүү балам дагы айылда. Кичүү кызым кошуна айылга келин болгон. Англис тилинен сабак берип, мугалим болуп иштейт. Баары жашоодон өз ордуларын таап, өз оокаттарына тыӊ. Аларга конокко барсам, неберелер «апакелеп, таенелеп» чуркап чыгышат», — деди ал.

Каарманыбыздын айтымында, тойлордо, жакшылыктарда каттама жасоо салтка айланган.

«Неберелерибиз дагы жакшы көрүшөт. Кечээ эле неберемдин туулган күнүндө каттама жасадык. Дайыма туулган күндөрдө чогулуп турабыз. Мугалим кызым жумушу аяктап келсе, каттама, тамак-аш бышырсакпы деп жатам. Мурун каттама, манты, шишкебек жакшы өтчү. Азыр Чолок айылында катары менен каттама бышырып сатып калышканы бизде кардар азайды. Биз турган жер жабылат десе деле, көнүп алган ишибизден кетпей жүрөбүз. Кудайга шүгүр, бир аз да болсо пайда түшүп турат. Кышында Россиядагы кызымдыкына кетип калам. Пандемиядан бери бара элекмин. Үйдө бош отура албайм. Кыбырап, бир аз болсо да тыйын таап турсам дейм», — деди ал.

Нуржамал Чагатаева күнүнө 20 даана жүгөрү сатарын жана өзгөчө кардарлары тууралуу айтып берди.

«Бул жакта турганыбыз үчүн салык төлөйбүз. Айыл өкмөт түшүнүү менен мамиле кылат. Бул жак жабылат дешкен. Бирок тырышып отурганыбызды түшүнүп, тынчыбызды албай, шарт түзүп беришет. Жаман эмес, шүгүр. Анан ушул жакта соода кылган эжелер, сиӊдилер менен карым-катыш түзүп, дос болуп алганбыз. Жамандык-жакшылыкта катышып турабыз.

Жолдошум үйдө мал-салын карап, жерин иштетип жүрчү. Балдар чоӊоюп, өз алдынча кеткенде, менин жаныма келип, жардам берип жүрдү. Анан экөөбүз бул жакта чай ичип, кобурашып отурчубуз…

Жүгөрүнүн бир даанасын 50 сомдон сатам. Муну фермерлерден сатып алабыз. Балдар отун чогултуп, көӊ даярдап коюшат. Азыр жолдун баары жүгөрү болуп калды. Күнүнө 20 даана сатабыз. Сезон жакшы болуп калса, жакшы өтүп калат. Буга дагы шүгүр дейбиз.

Отуз жыл аралыгында ар түрдүү кардар келди. Ар түрдүү окуялар болду. Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Темирбек Акматалиев жана башка көрүнүктүү инсандар көп токтоп, соода кылышты. Алардын айрымдары менен сүрөткө да түшкөнбүз», — деди ал.

Соодагер 1960-жылы Кемин районунун Бейшеке айылында жарык дүйнөгө келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE