Пример HTML-страницы

Чолпон-Атанын борбордук көчөлөрүндө милициянын электроскутерлери пайда болду

Акыркы жанылыктар

TurmushМилиция кызматкерлери Чолпон-Ата шаарындагы борбордук көчөлөрдө электроскутерлер менен кызмат кылышат. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын электроскутерлери Чолпон-Ата шаарынын элдер жана унаалар көп жүргөн көчөлөрүндө колдонулат.

«Бул жолдогу тыгындарды тез арада жоюуга жана унаа токтотуучу жайдын эрежелерин бузган айдоочуларды тартипке чакырууга мүмкүндүк берет.

Тажрыйба көрсөткөндөй, көпчүлүк айдоочулар соода борборлордун алдында, көчөлөрдүн кесилиштеринде, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдордо жана жолдун жүрүүчү бөлүгүндө унааларын токтотуп коюуну көнүмүш адатка айландырып алышкан. Эми милиция кызматкерлери мындай эреже бузуулардын алдын алуу жана аны болтурбоо боюнча иштерин күчөтүшөт. Ошол эле учурда чет элдик туристтерге жардам көрсөтүшөт», — деп айтылат маалыматта.

Туристтик-экологиялык милициянын муктаждыктары үчүн буга чейин 5 электроскутер сатып алынган.

Электроскутерлер негизинен шаардын борбордук көчөлөрүндө колдонулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE