Пример HTML-страницы

Чолпон-Ата шаарында бир нече чакырымга созулган унаа тыгыны пайда болду. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 30-июлда Чолпон-Ата шаарында унаа тыгыны пайда болду, деп маалымдайт окуянын күбөлөрү.

Алардын айтымында, унаалардын агымы Бишкек шаарына кетүүчү тилкеде болгон.

Буга чейин Балыкчы шаарынын кире беришиндеги айланма жолдо унаа тыгыны пайда болгонун жергиликтүү тургундар билдирген болчу.

Алардын айтымында, жеринде ЖКККБ кызматкерлери иштеп, айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Боомдо айдоочулар болуп көрбөгөндөй унаа тыгынга кабылганын айтышууда.

Алар бул аймактагы абалды видеого тартып алышкан. Айдоочулардын бири унаа тыгын бир нече чакырымга созулганын билдирди.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, учурда жол ачыла элек. Жерине Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында нөөмөттө турган 4 куткаруучу, Балыкчы шаардык өрткө каршы куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, №32 жол тейлөө ишканасынан 2 грейдер, 2 жүктөгүч тартылып, сел суусу менен түшкөн кум-шагылды тазалоо иши жүргүзүлүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар катталган жок.

Кемин районунун акиминин орун басары Айгүл Курманалиеванын айтымында, сел алган ички чарбалык жолдор тазаланып, четинен ачылып жатат. Ал эми Кыз-Күйөө айылында селдин кесепетинен түшкөн кум-шагылдын көлөмү көп болгондуктан, тазалоо иштери жүрүп жатат.

Бүгүн, 30-июлда саат 11:00 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 128-129-чакырымында кыска мөөнөттө нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, кокту-колоттон түшкөн кум-шагыл (көлөмү такталууда) жолду бөгөп калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE