Пример HTML-страницы

Чүйдөгү жыйында экстремизм тууралуу сөз козголду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районунда диний экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы жыйын өткөрүлдү. Өлкөдө диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террористтик уюмдар тууралуу талкуу болду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жыйын райондук ички иштер бөлүмүнүн экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын демилгеси менен уюштурулду. Иш-чарага ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкери — полковник Манас Аманбаев, акимдин орун басары Мунара Мамаджанова, мугалимдер, имамдар жана жергиликтүү тургундар катышты.

«Кыргыз коомчулугунда диний көз караштарды, коомго жат көрүнүштөрдү жаратып, аны үгүттөп жүргөндөр да бар. Дааватка чыгуунун эрежелерин түшүнбөй, мечиттерди мейманканага айланткан көрүнүштөр да жок эмес. Ушул жана башка терс көрүнүштөрдү айрымдар «үлгү» тутуп, жашоонун терс агымына баш ийишүүдө. Ар түрдүү үгүттөө булактары, өзгөчө китептерди таркатуу, Whatsapp, электрондук маалымат булактары жана башкалар менен элдин башын айланткан да учурлар тамырлап барат. Мисал катары айтсам, «Айкөл Манас» 10 томдук адабий китеп эмес. Ал экстремизмге, диний азгырыкка сугарылган чыгарма. Биз ушул өзгөчөлүктөрдү билбей, жаш муундарга терс таасир этүүчү маалыматтарды берип келебиз. Бир адам кылмыш дүйнөсүнө аралашып, изин жашыруу үчүн дааватка чыгып кетиптир. Ал милициялардын издөөсү менен торго түштү. Мындай мисалдар толтура. Ушул жыйындан жыйынтык чыгарып, диний түшүнүктөрдү жөнгө салууга аракеттенели», — деди Манас Аманбаев.

Ошондой эле жыйында экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы ар түрдүү маселелер көтөрүлүп, суроо-жооптор менен катышуучуларга жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE