Пример HTML-страницы

Чүйдөгү чек арага жакын жайгашкан аймактагы мектеп 55 жылдын кийин алгачкы жолу оңдоодон өтүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районуна караштуу чек арага жакын жайгашкан аймактагы кош кабаттуу Камчыбек Ибраималиев атындагы Күрпүлдөк жалпы билим берүү орто мектеби алгачкы жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган орто мектеп 1968-жылы курулган.

«Элеттеги көп кабаттуу мектептин курулганына 55 жылдын жүзү болду. Ушул убакытка чейин кезектеги оңдоо-түзөө иштери гана жүргүзүлүп келсе, үстүбүздөгү жылы толук кандуу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Ага жалпы 3 264 461 сом акча каражаты каралган. Тактап айтканда, республикалык бюджеттен 2 571 361 сом, жергиликтүү бюджеттен 693 100 сом каржыланууда. Ал эми жылытуу жумуштарына райондук өнүктүрүү фонддон 1 703 138 сом жумшалып жатат. Учурда оңдоп-түзөө иштери ыкчам аракетте жүргүзүлүп, кышка карата даярдоо жумуштары жүргүзүлүүдө», — деди Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн башчысы Тимур Акпаров.

Мектеп директору Назгүл Акылтаева жарым кылымдан соң мектептин жаңылануусу элдин кубанычын арттырганын белгилди.

«Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлүп, улуттук баалуулуктарга басым жасалган мектебибизде капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Ал эми мектепте кадимкидей эле 1-сентябрда алгачкы коңгуроо кагылып, билим күнү белгиленип, окуу-тарбия процесси башталды. Оңдоо-түзөө иштери окутууда эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Себеби, кош кабаттуу мектепте өткөн окуу жылдарында окутуу 1 кезметте жүргүзүлүп келсе, бүгүнкү күндө 260 окуучу 2 кезекте билим алып жатышат. Кыш мезгилине чейин оңдоп-түзөө, жылытуу иштери толук бүткөн соң, кайрадан 1 кезметте окутуу улантылат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE