Пример HTML-страницы

Чүйдө унаа жолдордун жээгинде май саткандарга 36 000 сом айып пул салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Аламүдүн районунда жол жээгинде мыйзамсыз май саткандарга рейд жүрүп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарага жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн, айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери жана Салык кызматынын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.

Бүгүн, 7-сентябрь күнү Бишкек—Нарын—Торугарт (айланма жол) жана Бишкек—Кордай унаа жолдорунда желим бөтөлкөлөргө күйүүчү май куюп, коопсуздук эрежелерин сактабай, мыйзамсыз май сатып жаткан жарандарга Укук бузуулар кодексинин 179-беренесинин 1-бөлүмүнө (жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан, соода түйүндөрүн, тамактануу пункттарын, сервистерди же жарнама такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү куруу же уюштуруу ) ылайык 6 протокол түзүлүп, 36 000 сом айып салынды. Жалпы 1 тонна 860 литр күйүүчү май алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE