Пример HTML-страницы

Чүй облусунда сирень жана четин бактарында бүчүрлөр пайда болду. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек шаарынын тургуну жаратылыштын кызыктуу кубулушуна күбө болду.

Анын бак участогунда сирень жана четин бактарында бүчүрлөр пайда болгон.

«Айлана-чөйрөнүн температурасы нөлдөн бир аз жогору болору менен бүчүрлөр пайда болду. Аябай таң калдым, анткени мындай көрүнүшкө биринчи жолу туш болуп жатам», — дейт Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну Василий Зайцев.

«Бүчүрлөр жылуу аба ырайынын таасири астында пайда болушу мүмкүн. Бирок бул учурда анын себеби башка. Окумуштуулар мындай көрүнүш атмосферадагы көмүр кычкыл газынын жогорку концентрациясынын таасири астында болушу мүмкүн экенин байкашкан. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бул химиялык кошулма абадагы жогорку концентрациясында фотосинтездин активдешине жана өсүмдүктүн жер үстүндөгү жана жер астындагы бөлүктөрүнүн да тез өсүшүнө алып келет», — дейт биолог Ирина Стежко.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE