Пример HTML-страницы

Бугенвиллия, дипладения, замиокулькас сымал заманбап болуп жаткан гүлдөрдү өстүргөн Меймуна өз тажрыйбасы менен бөлүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын тургуну Меймуна Садыкова гүлдүн 100дөн ашык түрүн өстүрүп келет. Учурда анын гүлдөрүн шаардыктар жана жакынкы райондордон да келген тургундар алып кетишет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Садыкова Меймуна Зуурбековна 1998-жылы Каракол шаарында жарык дүйнөгө келген. Шаардагы №2 мектепти аяктагандан кийин Россияда 4 жыл билим алып келген. Үй-бүлөөдө 3 бир тууган.

«Ата-энем да өсүмдүккө жакын. Атам бакчада мөмө-жемиштин түрүн өстүрсө, апам үйдө ар кандай гүлдөрдү бакчу. Ошентип кичинекей кезимден гүлгө жакын чоңойдум. 11-классты аяктап, кайсы окуу жайга тапшырсам деп жатсам, биздин мектепте Россиянын Кострома шаарындагы (КГСХА) окуу жайга тест алып калышты. Ошентип бюджеттик бөлүмгө өтүп калып, агрономия тармагындагы пейзаж дизайнери боюнча билим алып келдим. Ал жерде гүлгө кандай мамиле кылууну, канип туура өстүрүүнү үйрөндүм», — деди ал.

Каарманыбыз окууну аяктаган соң туулуп-өскөн шарына кайтып келип, жыл бою гүл өстүргөн. Гүлдөрү көбөйгөндө, аны сатыкка коё баштаган. Көпчүлүгү дайыма алган кардарга айланган.

«Караколдуктар көбүнчө «аял жана эркек бакыты» (женское и мужское счастье) гүлдөрүн алышат. Анткени ал гүл көп кам көрүүнү талап кылбайт, сууну аз ичет. Ошондой эле орхидея гүлүн, фикус гүлүнүн «черный принц» түрүн гүл сүйүүчүлөр жана белекке бериш үчүн алышат», — деди ал.

Меймуна 100дөн ашык өстүргөн гүлүнүн ичинен камелия гүлүн жактырат. Анткени ал кыш мезгилинде 12 градус суукта да гүлдөй берет.

«Камелиядан сырткары рододендрон гүлү да жагат. Ал чоң болуп, жалбырагынан гүлү көп болот. Декоративный, монстера, калатея, алоказия өңдүү гүлдөрдү да жактырып өстүрөм. Негизи мага айлана жапжашыл болуп, кооздукка бөлөнүп турганы абдан жагат», — деди ал.

Анын айтымында, ар бир гүлдү өз баласындай көрөт. Конокко барарда да, аларды апасына дайындап кетет.

«Кардар шашпаса, сатып алып жаткан гүлдү үйгө барганда кандай өстүрүү, ага кандай кам көрүү керектигин айтып берем. Анткени «Силерден алган гүл сонун болуп өстү» деп, кийинки келгенде айтса, кубанып калам», — деди ал.

Ошондой эле тропикалык өсүмдүктөр — киви, банан, анарды гүл сымал үйгө өстүрүп келет.

Учурда заманбап болуп жаткан гүлдөрдү атап өттү.

«Замандын талабына ылайык, бугенвиллия, дипладения, замиокулькас өңдүү гүлдөргө суроо-талап өсүп жатат. Негизи гүлдөрдү ар кандай кылып өстүрүүгө туура келет, бирин чырпыкчадан, экинчисин уруктан. Эң башкысы туура идиш тандоо керек. Анан топурак да абдан маанилүү. Айыл жергесинде топурак борпоң, майлуу болсо, шаарда майлуулугу аз, бат эле жабышып катып калат. Ошонун баарын эске алуу зарыл. Айрымдар гүлдүн идишинин түбүн тешпей отургузушат. Анда гүл чирип кетет. Оңой көрүнгөн ушул эрежелерди сактоо абзел. Убагында ар бир эле гүл табиятта өскөн да. Аны биз үй шартына көндүрүп алдык. Ошондуктан табият койнундагыдай шарт түзүп, нымдуулукту, күндүн нуруна туура коюу керек. Бир гүл күндү сүйсө, экинчиси көлөкөдө өсөт», — деди ал.

Заурбековна бир жылда 3 миң 200гө жакын гүл өстүргөн. Гүлдүн бутагын 50 сомдон 100 сомго чейин сатат. Тамыр алгандарын 100 сомдон жогору баалайт. Ал эми гүлдөр 300-400 сомдон бааланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE