Пример HTML-страницы

Баткенде «Мерседес» жол кырсыгына кабылды. Жабыркагандардын арасында блогер дагы бар

Акыркы жанылыктар

TurmushОш—Баткен—Раззаков унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Бул маалыматты Баткен облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы тастыктады.

Бүгүн, 25-декабрда саат 12:30 чамасында Баткен районунун унаа жолунун 213-чакырымында «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа оодарылып кеткен. Унааны Баткен шаарынын тургуну С. уулу М. башкарып, Ош шаарынан Баткен шаарын көздөй бара жаткан.

Кырсыктан кийин айдоочу менен эки жүргүнчү Баткен облустук ооруканасына жаткырылды.

Turmush басылмасына маалым болгондой, жүргүнчүлөрдүн бири учурда Кыргызстанда жашаган казакстандык блогер А.Б. болгон. Ал эми экинчи жүргүнчү К. кызы Ч. болгон.

Айрым маалыматтарга караганда, ал жолдошу менен Баткен шаарындагы «Айкөл» ресторанына иш-чарага бара жаткан. Ал жерде бүгүн, 25-декабрда «чай концерт» болмок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE