Пример HTML-страницы

Баткенде көз жарып, төрөтканадан качып кеткен келин табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткенде төрөттөн кийин дайынсыз болуп жаткан келин табылды.

2024-жылдын 5-январь күнү саат 05:30 чамасында Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт бөлүмүнөн 22 жаштагы келин чыгып кетип, дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат жарыяланган.

Келин кечээ, 6-январь күнү милиция кызматкерлери тарабынан Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынан табылган. Анын абалы жакшы экенин облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 22 жаштагы келин эч кандай оору менен жабыркаган эмес. Болгону анын көзүнө бир нерселер көрүнгөн, жана кантип ал жакка барып калганын өзү да билбей калган.

Учурда ал ата-энесине өткөрүлүп берилди. Эч кандай доо-арыз келтирилген жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE